Google Chrome

4,1
44,9 млн сын-пикир
10 млд+
жолу жүктөлүп алынды
Мазмун рейтинги
USK: Бардык жаштар
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү

Колдонмо тууралуу

Google Chrome ыкчам, колдонууга оңой жана коопсуз веб браузер. Ал Android үчүн ылайыкталып, сизге жекелештирилген жаңылыктарды, сүйүктүү сайттарыңызга ыкчам шилтемелерди, жүктөп алууларды жана орнотулган Google Издөө жана Google Котормочу кызматтарын тартуулайт. Сүйүктүү Chrome веб браузериңизди бардык түзмөктөрүңүздө колдонуу үчүн, аны азыр жүктөп алыңыз.

Ыкчам серептеп, азыраак териңиз. Терип баштаганда көрүнө турган жекелештирилген издөө натыйжаларынан керектүүсүн тандап, буга чейин кирген барактарга ыкчам өтө аласыз. Автотолтуруунун жардамы менен, формаларды ыкчам толтурасыз.

Жашыруун серептеңиз. Жашыруун режимди колдонсоңуз, Интернеттеги серептөө аракеттериңиз таржымалда сакталып калбайт. Бардык түзмөктөрүңүздө купуя серептей аласыз.

Chrome'ду бардык түзмөктөрүңүздө шайкештириңиз. Сиз Chrome'го киргенде кыстармаларыңыз, сырсөздөрүңүз жана жөндөөлөрүңүз автоматтык түрдө бардык түзмөктөрүңүздө шайкештирилет. Телефонуңуздан, планшетиңизден же ноутбугуңуздан бардык маалыматыңызга оңой киресиз.

Бардык сүйүктүү мазмундарыңызга бир басып кириңиз. Chrome Google Издөөгө гана эмес, бардык сүйүктүү мазмундарыңызга бир басып кире тургандай түзүлгөн. Жаңы өтмөк барагынан дароо жаңылыктар камтылган сүйүктүү сайттарыңызга же социалдык тармактарыңызга кире аласыз. Ошондой эле, Chrome'дун бардык веб баракчаларда "Издөө үчүн тийип коюу" функциясы бар. Учурда колдонуп жаткан барактан чыкпастан эле, Google'да издөө үчүн, каалаган сөздү же фразаны таптап койсоңуз болот.

Телефонуңузду Google Коопсуз серептөө кызматынын жардамы менен, коргоңуз. Chrome'дун орнотулган Google Коопсуз серептөө кызматы бар. Телефонуңуздун коопсуздугу үчүн, ишеничсиз сайттарга өтүүгө же файлдарды жүктөп алууга аракет кылганыңызда, сизге эскертүүлөр көрсөтүлөт.

Ылдам жүктөп алуулар жана веб баракчалар менен видеолорду оффлайн режиминде көрүү Chrome'дун атайын жүктөп алуу баскычынын жардамы менен, бир жолу таптап, видеолорду, сүрөттөрдү жана бүтүндөй веб баракчаларды оңой эле жүктөп аласыз. Ошондой эле, Chrome'дун ичинде жүктөп алынган нерселер сакталган жай бар. Ал жактан жүктөп алган мазмундарыңызга оффлайн режиминде да кире аласыз.

Google Айтып издөө. Chrome үн менен башкарууга боло турган функцияны кошту. Жолдо бара жатканда суроолоруңузду убара болуп терип отурбай, жооп алуу үчүн айтып издөө функциясын колдонуңуз. Айтып издөөнү каалаган жерде, каалаган убакта колдонуп, ыкчамыраак серептеп жана чабыттай аласыз.

Орнотулган Google Котормочу: Бүтүндөй веб барактарды ыкчам которуңуз. Chrome'дун бир жолу таптоо менен бүтүндөй веб баракчаларды өз тилиңизге которууга жардам берген орнотулган Google Котормочусу бар.

Акылдуу жекечелештирилген сунуштар. Chrome сизге кызыктуу нерселерди гана көрсөтөт. Жаңы өтмөктөн Chrome мурунку серептөө таржымалыңыздын негизинде тандап койгон макалаларды табасыз.
Качан жаңырды
2024-ж., 23-апр.

Маалыматтардын коопсуздугу

Коопсуздук дегенде колдонмонун маалыматты кантип топтоп, аны үчүнчү тараптар менен кантип бөлүшө турганын түшүнүү керек. Маалыматтардын купуялыгы жана коопсуздугу колдонмоңуздун иштетилишине, жүргөн аймагыңызга жана курагыңызга жараша болот. Маалыматты иштеп чыгуучу берип, маал-маалы менен жаңырып турат.
Үчүнчү тараптар менен маалымат бөлүшүлбөйт
Иштеп чыгуучулар маалыматтардын бөлүшүлүшү жөнүндө кантип кабар берерин билип алыңыз
Бул колдонмо маалыматтардын мындай түрлөрүн топтошу мүмкүн
Жайгашкан жер, Жеке маалымат жана дагы 7
Маалымат шифрленип өткөрүлөт
Ал маалыматты өчүрүүнү сурана аласыз
Коопсуздукту өз алдынча текшерүү

Баалар жана сын-пикирлер

4,1
42,9 млн сын-пикир
Сайфи Т
2024-ж., 15-апрель
Йест
Бул мазмундун пайдасы тийдиби?
МТК
2023-ж., 12-май
Тез жүктөлөт, барактар тез ачылат, ишеничтүү колдонмо.
8 адам бул сын-пикирди пайдалуу деп белгиледи
Бул мазмундун пайдасы тийдиби?
Марія Крощук
2023-ж., 14-февраль
D 3📢📢🔇♿💍💍♿💍♿🔇🎧📢♿📢🎧♿📢📢🔇💍📢🎧💍🎧💍♿
7 адам бул сын-пикирди пайдалуу деп белгиледи
Бул мазмундун пайдасы тийдиби?

Эмне жаңылык

Chrome'ду тандаганыңыз үчүн рахмат! Бул чыгарылышта иштин туруктуулугу жакшыртылып, майнаптуулугу өркүндөтүлдү.