Мунай ажыратуу өнөр жайы
Көрүнүш
Мунай ажыратуу өнөр жайы ― мунайдан анын продуктуларын ажыратып алуучу өндүрүш тармагы. Анда отун (бензин, керосин, мазут, мотор жанадизель отуну), майлоочу майлар, электризоляция материалдары, битум, мунай-химиялык өнөр жайүчүн сырьё жана башка өндүрүлөт. Негизги мунай продуктуларын мотор майлары жана мазут түзөт. Мында заманбап технологиялык процесстер колдонулат. Өнөр жай ишканалары мунай кендерине жакын жайгашат. Мунай темир жолу, мунай түтүктөрү жана башка аркылуу ташылат, к. Мунай, мунай продуктуларын тазалоо.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7